ЭМНЕ ҮЧҮН ВЕТЕРИНАРИЯГА КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙТ?
Интернет айдыңында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинин клиникасында Арашан тукумундагы койго кесарево жолу менен операция жасалып, эки эгиз козу туулган видео тараган. Бул окуядан кийин коомчулуктун ветклиникага кызыгуусу артты. Ал кайда жайгашкан? Буга чейин ал жерде операциялар жасалып жүргөнбү? — деген суроолор пайда болду.
Абалы кандай?
Кыргыз коомчулугу үчүн койго кесарево операциясын жасоо сыяктуу көрүнүштөр чындыгында эле таң каларлык. Анткени, өлкөдө ветеринария тармагы өнүгүүдөн артта калган тармактай сезилет. Ошондуктан, көпчүлүк үчүн бул сенсациялуу жаңылык катары кабылданды. Чын-чынына келгенде ветеринария адамзаттын жашоосу менен тыгыз байланыштагы илим. Ал жалпыбыздын оору-сыркоодон алыс жашашыбызга чоң өбөлгө түзөт эмеспи. Илимде «Медициналык дарыгер адамды дарылайт, ал эми ветеринардык дарыгер адамзатты дарылайт» деген аныктама бар. Бирок, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан кийин 20 жылга жакын убакыт аралыгында кыргыз ветеринариясынын абалы мышык ыйлагыдай абалга келген. Азыр да айылдарда мал доктурлары жокко эсе. Бул албетте, жакшы эмес көрүнүш. Расмий маалыматтарда 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар 17 млн 986,6 миң баш малга карата аткарылгандыгы айтылып жүрөт. Бирок, бул иштерди да жеке клиникалардын ветврачтары жүргүзөөрү белгилүү. Алар мамлекет менен келишим түзүп алышып иштешет. Өлкө боюнча жеке клиникаларда иштеген 1600 гана ветврач бар. Мамлекеттик ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматтарындагы кызматкерлердин саны 700гө чамалайт. Өлкөнүн өнүгүүсүндө айыл чарбасы, мал чарбасы негизги тармактардын бири болгон биздин өлкө үчүн бул көрсөткүч албетте аздык кылат.
Боштукту толтуруу
Бирок, Кыргыз-Түрк “Манас” университети сыяктуу дагы айрым окуу жайлар келечекте бул боштукту толтуруу аракетинде. Мисалы, КТМУ жетекчилиги университеттин Камкорчулар кеңеши менен атайын ветеринардык факультетти негиздешкен. Факультет жөн гана түзүлбөстөн европалык талаптарга жооп берип, изилдөөлөрдү жүргүзө ала тургандай академиялык имараттары, лабораториялары, ветеринардык клиникасы жана жаныбарлар кармалган жайлары менен кошо курулган. Учурда факультет үй жана жапайы жаныбарлар жана канаттуулар, аарылар, суу жаныбарлары, экзотикалык жаныбарлар, азык-түлүк өндүрүү, окутуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, жаныбарлардын ден соолугун коргоо, ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу, эпидемиялардын алдын алуу, адамдардын ден соолугунун коопсуздугу, азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөө, азык-түлүк өндүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуу жана айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алууну окутуп үйрөтөт. Факультеттин клиникасында жаныбарларга операциялар жасалып, аларга студенттер катышышат.
Ветфакультетте 100дөн ашык студент тарбияланат. Алардын тең жарымы түркиялык студенттер. Окутуучулардын айрымдары түркиялык мугалимдер. Студенттер окуудан тышкары университеттеги ветеринардык клиникада жана мал чарба объектилеринде иштешет, Кыргызстанда же Түркияда стажировкадан өтүшөт. Ошентип, бул факультет учурда бүтүндөй Борбор Азияда маанилүү билим берүү борборуна айланган.
Келечектин кесиби
Ветеринария – адамзаттын азык-түлүк коопсуздугун сактоодо негизги звено. Ар кандай малдын оорулары, мите курттардын көбөйүп жаткан убагында бул илимди жашоо-турмушубузга активдүү киргизүү маанилүү болуп турат.
Статистикалык маалыматтарда өлкөдө боор оорулары көбөйдү. Алсак, эхинококкоз менен ооругандардын нечени чет өлкөгө чыгып дарыланып, айрымдары боор алмаштырууга мажбур болушууда. Мына ушул маселенин баары убагында ветеринардык тармактын колдон чыгып кетишинен улам болгон.
Ал эми дүйнөдө ветеринардык медицина тездик менен өзгөрүп жатат. Ветеринардык иш мурда ферма жаныбарларын дарылоо жана үй жаныбарларына негизги кам көрүү менен байланыштуу болсо, бүгүнкү күндө ал медицина, биоинженерия, IT жана экологиянын кесилишиндеги жогорку технологиялуу жана дисциплиналар аралык тармак болуп саналат. Ветеринардык медицина бара-бара санариптик технологиялардын, жекелештирилген медицинанын жана жаныбарлардын адам жашоосундагы жана экосистемадагы ролун тереңирээк түшүнүүнүн айкалышына айланууда. Бул тармак жакында онлайнга өтүп, телеклиникалар пайда болуп, жаныбарлардын ден соолугун каргы жана чиптер аркылуу алыстан көзөмөлдөө өнүгө турганы айтылууда.
Жакынкы келечекте адам медицинасындагыдай эле ветеринардык медицина да жекелештирилип, дарылоо жаныбардын тукумуна, генетикасына, жашоо образына жана ал тургай микробиомасына жараша ылайыкташтырылат. Мындан тышкары адамдардын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн ден соолугун бири-бири менен тыгыз байланышта кароо идеялары да ишке ашканы турат. Бул концепцияны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугу уюму сыяктуу эл аралык уюмдар активдүү колдошууда.
Эксперттер ветеринардык медицина мындан ары бир тармак эмес, бүткүл планетанын ден соолугуна таасир этүүчү стратегиялык жактан маанилүү звеного айланат дешүүдө. Андыктан, Кыргызстанда да ветеринарияны өнүктүрүү, интеграциялоо, малдарды идентификациялоону толук санарипке өткөрүү сыяктуу иш-аракеттерди тездетүү маанилүү. Убакыт өтүп, койлорго жасалган операциялар биздин коомдо сенсациялык эмес, кадимки окуя катары кабыл алынып калары бышык.
Жазгүл Кенжетаева