Эмне үчүн китеп тартыштыгы жаралды?..

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 269

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталгандан эки күн өтпөй эле мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги кайрадан күн тартибине чыкты. Ата-энелердин WhatsApp топторунда эми сабактардан тышкары «кайсы китепти кайдан тапса болот?» деген суроо кызуу талкууланууда. Айрым ата-энелер мектептен жетишпей жаткан китептерди издөө үчүн базарларды кыдырып жүрүшсө, айрымдары колдонулган окуу китептерин бири-бирине саткан өзүнчө аянтчаларды түзүүгө аргасыз болууда. Социалдык тармактарда да окуу китептерин сатып алуу жана сатуу боюнча жарыялар көбөйүүдө. Башкача айтканда, мектеп окуучусуна акысыз берилүүгө тийиш болгон окуу китеби кайрадан ата-эненин чөнтөгүнөн чыга турган товарга айланып баратат.

Агартуу министрлиги болсо жыл сайын окуу китептеринин жетишсиздигин жоюуга аракет көрүлүп жатканын айтып келет. Бул үчүн өлкөнүн бюджетинен каражат бөлүнөт жана китептер жетиштүү көлөмдө басылып жатканы тууралуу маалымат берилет. Бирок, ага карабай маселе жыл сайын кайрадан көтөрүлүүдө. Быйыл болсо көйгөйгө дагы бир олуттуу жагдай кошулду. 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мамлекет тарабынан чыгарылган окуу китептеринин айрымдары базарларда сатылып жатканы тууралуу маалымат тарады. Маселе 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев «Учкун» мамлекеттик басмаканасынан чыккан окуу китебин Дордой базарынан сатып алганын билдирди. Депутат бул көрүнүштү коррупциялык иш катары баалоого болорун айтты.

Анткени «Учкун» мамлекеттик басмаканасынан чыккан китептер мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатка басылып чыгарылса, алар мектеп окуучуларына бекер таратылышы керек эле. Ал эми депутат Камила Талиева окуу китептерин басып чыгарууга 750 млн сом бөлүнгөнүнө карабастан, китеп тартыштыгы курч экенин баса белгиледи.

Мына ушундай билдирүүлөрдөн көп өтпөй Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев окуу китептеринин базарларда сатылып жатышы боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Агартуу министрлигине окуу китептеринин эркин сатууга кандай жол менен түшүп калганын аныктоо милдети коюлду.

Текшерүүнүн алкагында, китептерди сатыкка чыгарган адамдар аныкталып, алардын базарга түшүү булагы жана жагдайы иликтенет. Мындан тышкары басылып чыккан, тиешелүү мекемелерге өткөрүлүп берилген жана мектептерге бөлүштүрүлгөн китептердин саны документтерде көрсөтүлгөн тиражга жана мамлекеттик буйрутмаларга туура келеби деген маселе да текшерилет. Мыйзам бузуу аныкталса, белгиленген тартипте чара көрүлөрү айтылды. Бирок, бул жерде дагы бир маанилүү суроо турат: текшерүү жүргүзүлүп, бир нече адам жоопко тартылса эле мектептердеги китеп көйгөйү чечилип калабы? Анткени? бул көйгөй бүгүн эле пайда болгон жок.

Абдиназар кызы Жанайым:

— Биз жыл сайын балдарыбызга китеп сатып алабыз. Мектептен жетишпей жаткан китептерди сатып алгыла дегенден кийин эле Ош базарындагы жайма базарларга, өтмөктөрдөгү китеп саткан жерлерге барабыз. Бардык китептерди ошол жерлерден ала алабыз. Баалары, албетте, ар кандай болот. Мисалы, кечээ 3-класстын кыргыз тили китебин класс боюнча сатып алдык. 30 даана китепти табуу үчүн бардык базарларды кыдырдык. Бир жерде 350 сом, башка жерде 250 сомдон сатылып жатканын көрдүк. Албетте, 250 сомдон сатылып жаткан С.Рысбаев менен Ч.Исакованын кыргыз тили китебин сатып алдык.

Мамбеталиева Сырга:

— Мектептен 5-класстын математика окуу китеби, 3-класстын адабий окуу жана музыка китеби жетишпей жаткандыгын айтышкан. Математика китебин кошумча дептери менен 1300 сомго сатып алдым. Ар бир сатып алган китеп 250 сомдон өйдө болууда. Чынын айтсам, жыл сайын ушундай көйгөй. Бир жылы колдонулган китептер экинчи жылы жараксыз дешет. Ошентип, жыл сайын министрлик бекиткен окуу китептери ар мектепте ар кандай болгону өкүндүрөт. Эмне үчүн система баарына бирдей эмес деген суроо да туулат.

Жазгүл Кенжетаева

18-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 269
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X