Эндиктин тамырын жыйноого жана сатууга тыюу салынган

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эндиктин тамырын мыйзамсыз жыйноо жана сатууга даярдоо фактылары көбөйгөнүнөн улам жарандарга мораторий тууралуу эскертти.

Министрликтин маалыматына караганда, айрым сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга, сатууга жана экспорттоого тыюу салынган.

Мораторий Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы токтому менен киргизилген жана 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.

Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн арасында эндиктен тышкары арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, Самарканд өлбөс гүлү жана жөө желимдин бир нече түрү бар.

Министрлик жапайы өскөн дары-дармектик, техникалык жана тамак-аш өсүмдүктөрүнүн сырьёсун даярдоого да мораторий колдонуларын белгиледи.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X