Эненин эмгегин даңазалаган уул-кызы
Талас облусунун Чат-Базар айылындагы Алмаш Эшалиева атындагы бала бакча 1975-жылы негизделген. Ошондон бери бул билим уясы жүздөгөн бөбөктөрдүн алгачкы тарбия жана билим алган жайы болуп келе жатат. Бала бакчанын тарыхы жана бүгүнкү күнгө чейин үзгүлтүксүз иштеп келиши маркум Алмаш Эшалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Өлкө эгемендүүлүктүн алгачкы оор жылдарын баштан кечирип жаткан мезгилде көптөгөн социалдык объектилер жабылып, айрымдары кароосуз калган. Ошол кыйын кезеңде Алмаш Эшалиева бала бакчаны сактап калуу үчүн чоң күч жумшаган. Ал өз үйүнөн азык-түлүк алып келип, мекемеге керектүү буюмдарды таап берип, бала бакчанын иши токтоп калбашы үчүн жан үрөп эмгектенген. Анын аракетинин аркасында билим уясы жабылбай, бүгүнкү күнгө чейин өз ишин улантып келет.

Алмаш Эшалиева бул мекемени 24 жыл жетектеп, бир нече муундун тарбияланып өсүшүнө чоң салым кошкон. Анын өз ишине болгон жоопкерчилиги, мекенчилдиги жана берилгендиги бүгүнкү күндө да айыл тургундары тарабынан терең урмат менен эскерилет. Ал түптөгөн эмгек бүгүн да жемишин берип, бала бакча жаш муундарга кызмат көрсөтүүнү улантууда.
Акыркы жылдары жарым кылымдык тарыхы бар билим берүү мекемесинин мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейип, 2024-жылы жеке ишкердин жана АРИС программасынын колдоосу менен кошумча 25 орундуу экинчи корпус пайдаланууга берилди. Натыйжада мектепке чейинки билим берүү менен камтылган балдардын саны көбөйдү.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен дагы бир заманбап корпус курулууда. Бардык талаптарга жооп берген бул имарат пайдаланууга берилгенден кийин бала бакча 150гө жакын балага сапаттуу билим жана тарбия берүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Маркум эненин эмгегин аздектеп, анын ысымын сыймык менен алып жүргөн уул-кызы бүгүнкү күндө да бала бакчанын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келет. Алар билим уясына ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жакшы иштердин улануусуна өз салымдарын кошууда. Бул — ата-энеден калган баалуулуктарды сактап, жакшы салттарды кийинки муунга өткөрүп берүүнүн үлгүсү. Эненин эмгеги уул-кызынын камкордугу аркылуу жашап, айылдын келечеги болгон балдардын татыктуу тарбия алышына кызмат кылууда.
Кенже Осмоналиева