Энергетика министри BCG өкүлдөрү менен кызматташуу маселесин талкуулады
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Boston Consulting Group (BCG) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, энергетика тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Жолугушууда энергетикалык капиталдык долбоорлорду ишке ашыруу, тармакты модернизациялоо жана эл аралык тажрыйбаны колдонуу маселелери каралды. BCG өкүлдөрү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетиканы башкаруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Министр Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана жаңы генерациялык кубаттуулуктарды түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп, стратегиялык долбоорлордо алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу маанилүү экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергетика тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.