Энергетика министрлигине 41 даана атайын техника тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 41 даана атайын техниканын ачкычын тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо, ири долбоорлорду ишке ашыруу жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

«Кылым курулушу» деп аталган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, өлкө аймагында ондогон чакан ГЭСтер салынып, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой эле Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтериндеги эскирген агрегаттар жаңыланып, алардын кубаттуулугу жогорулатылууда», — деди ал.
Белгиленгендей, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өз каражаттарынын эсебинен жалпы баасы 181,6 млн сом болгон 41 даана атайын техника сатып алган. Алар республика боюнча электр тармактарынын филиалдарына бөлүштүрүлөт.
Жаңы техникалардын катарында жүктөгүч-экскаваторлор, автовышкалар, седелдик тягачтар, жарым чиркегичтер жана бригадалык унаалар бар.
Иш-чаранын катышуучулары жаңы техникалар энергетика тармагынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, күз-кыш мезгилине даярдык иштерин ыкчамдатууга жана энергетикалык инфраструктуранын туруктуу иштешин камсыздоого көмөк көрсөтөрүн белгилешти.