Энергетика тармагындагы тартыштык, 3 кВт лимити жана көмүрдүн сапаты парламентте талкууланды

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетининде өлкөнүн экономика тармактарын жана калкты 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси талкууланды. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков депутаттарга  даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Талкууда өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу, электр энергиясынын импортунан көз карандылыкты азайтуу жана ички өндүрүштү көбөйтүү маселелери көтөрүлдү.Нет описания фото.

Депутат Улугбек Ормонов электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Бекмурза Эргешов чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу маселесин көтөрдү. Ал эми Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын ичинде 3 кВт лимити боюнча суроо узатты.

Мындан тышкары, Максат Алымбеков энергетика тармагындагы дебитордук карызды кыскартуу чараларын тактады.

Депутат Эдита Тайгараева социалдык объектилерди жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өткөрүү маселесине токтолуп, дотацияда турган айыл өкмөттөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн сурады. Талайбек Масабиров болсо көмүр кампаларынын ишине жана көмүрдүн сапатына көңүл бурду.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштары эске алынып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X