Энергетиктер балдардын ден соолугуна кооптуубу? Парламент иликтөө жүргүзөт
Кыргызстанда энергетикалык суусундуктардын, өзгөчө жашы жете электер үчүн жеткиликтүүлүгүнүн мыйзамдуулугу жана коопсуздугу текшерилет. Бул үчүн Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Маселе 7-октябрда парламенттин жыйынында каралды.
Депутаттар энергетикалык суусундуктардын жана ден соолукка терс таасир этиши мүмкүн болгон айрым тамак-аш азыктарынын жүгүртүлүшүн, сапатын жана коопсуздугун комплекстүү иликтөөнү көздөп жатышат. Ошондой эле бул тармактагы мамлекеттик жөнгө салуунун канчалык натыйжалуу экени текшерилет.
Демилгени «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу көтөрүп чыкты. Топтун жетекчиси Талант Мамытов комиссия түзүү зарылдыгын депутаттарга тааныштырды.
Комиссиянын курамына Азамат Исираилов, Азамжан Жалилов, Жаныбек Аматов, Адилет Белеков, Талант Мамытов, Бекмырза Чолпонбай уулу, Нуржамал Торобекова, Илимбек Кубанычбеков, Махабат Мавлянова, Дастанбек Жумабеков жана Алишер Козуев кирди.