Энергетиктерге 50,8 млн сомдук жаңы атайын техникалар тапшырылды

28-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

Кыргызстандын энергетика тармагынын техникалык паркы жаңы атайын унаалар менен толукталды. 28-июлда Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарына жалпы баасы 50,8 млн сом болгон 8 кран-манипулятордун жана 4 ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаанын ачкычтарын тапшырды.

Министрдин айтымында, жаңы техникалар электр тармактарын тейлөө иштерин ыкчам жүргүзүүгө, аварияларды тез жоюуга жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жардам берет.Возможно, это изображение ‎скорая помощь и ‎текст "‎T VE-X ه‎"‎‎

«Күз-кыш мезгилинде электр тармагына жүк көбөйөт. Жаңы техникалар татаал аймактарда да иштөөгө, авариялык абалдарды кыска убакытта жоюуга жана электр менен камсыздоону ыкчам калыбына келтирүүгө шарт түзөт», – деди Алтынбек Рысбеков.

Ошондой эле ал техникалык паркты жаңылоо энергетиктердин эмгек коопсуздугун жакшыртып, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен ишенимдүү өтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Энергетика министрлиги материалдык-техникалык базаны жаңылоо иштери мындан ары да улантыларын билдирди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X