Энеси кармалгандан кийин кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды
Буга чейин социалдык тармактарда Москва шаарында Кыргызстандын жараны жашы жете элек баласын ооруканага жаткыргандан кийин полиция тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгарылганы, ал эми өспүрүм баласы кароосуз калганы тууралуу маалымат тараган.
Бул маалымат боюнча Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбору тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, үч бир тууган 2026-жылдын 3-июлунда Москва шаарындагы балдар реабилитациялык борборуна ата-энесинин камкордугусуз калган балдар катары жайгаштырылганы аныкталган.
ИИМдин маалыматына караганда, министр Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен үч бир тууган Россиядан Кыргызстанга кайтарылып, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында атасына өткөрүлүп берилди.
Ички иштер министрлиги жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын укуктарын коргоо боюнча иштер улантыларын билдирди.