Эр-Рияддан 166 кыргызстандык Бишкекке учуп келди

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарынан 166 кыргызстандык жаран Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин коопсуз коридор аркылуу Катардан Сауд Аравияга жеткирилген жарандар учууга чейинки бардык зарыл жол-жоболордон өтүшүп, Эр-Рияд — Бишкек багыты боюнча атайын авиакаттам менен учуп чыгышкан.

Министрлик жарандарды тосуп алуу жана аларга мындан аркы жардам көрсөтүү иштерин координациялоону улантып жатканын билдирди.

9-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X