Түркия президентинин жеке дарыгери Реджеп Шекер Бишкек-Стамбул учагында жардам көрсөткөн кыргызстандык наристенин ден соолугу тууралуу ооруканадан кабар алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Белгилей кетсек, Реджеп Шекер 19-март күнү Бишкек-Стамбул аба каттамында учуп бара жатып, жүрөгү сокпой калган кыргызстандык жарандын наристесин жасалма дем алдыруу жолу менен кайра өзүнө келтирген. Учак шашылыш Анкара шаарындагы аэропортко конуп, эне баласы менен тез жардам кызматына өткөрүлүп берген. Кыргыз жараны Стамбулган эки эгиз баласы менен учуп бара жаткан. Алар азыр Түркиянын «Кызыл жарым ай» коомунун кароосунда.