Эркин Жумабаева, терапевт: Кант диабетинен биринчи кезекте жүрөк жабыркайт
Жүрөк оорулары бүгүнкү күндө эң кеңири тараган илдеттердин бири. Айрыкча кан басымдын жогору болушу адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Жүрөк ооруларынын себептери, аны алдын алуу жолдору тууралуу №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тажрыйбалуу дарыгери Эркин Жумабаева менен маектештик.
– Эркин Чоткараевна, азыр эмне себептен жүрөк-кан тамыр оорулары абдан көп болуп жатат?
– Ашыкча салмак, туура эмес тамактануу жана аз кыймылдуу жашоо образы адамдын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Ошондой эле тамеки тартуу жана алкоголь ичимдиктерин ичүү жүрөк-кан тамыр системасына өзгөчө терс таасирин тийгизет. Тамеки кан тамырларды тарытып, кан айланууну бузат, ал эми алкоголь ичимдиктери кан басымдын жогорулашына жана жүрөктүн ритминин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бул факторлордун баары жүрөккө ашыкча күч келтирип, гипертония, инфаркт жана башка жүрөк ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Ошондуктан, сергек жашоо образын кармануу, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, тамекиден жана алкоголдон алыс болуу – бул оорунун алдын алуунун негизги жолдору болуп саналат.
Эгерде адамда кант диабети бар болсо, негизги жабыркаган орган катары биринчи кезекте жүрөк жабыркайт. Кандагы канттын узак убакыт жогору болушу кан тамырларды бузуп, жүрөк-кан тамыр ооруларынын эрте өнүгүшүнө шарт түзөт. Ошол эле учурда, кээ бир оорулуулар дарыгерге убагында кайрылбай, бирөөнүн сунушу боюнча ар кандай дарыларды өз алдынча ичип жүрө беришет. Мындай өз алдынча дарылануудан оору күчөп, дары-дармектердин терс таасири тийип, олуттуу кесепеттерге алып келет. Ошондуктан оорунун алгачкы белгилери байкалганда эле дарыгерге өз убагында кайрылуу жана дарылоо көрсөтмөлөрүн так аткаруу өтө маанилүү. Мындан сырткары дарыгерге убагында кайрылбаган бейтаптарда оору күчөп, жүрөк жетишсиздигине же инфарктка айланып кетиши мүмкүн. Бул абал бейтаптын жашоо сапатын төмөндөтүп, оор кесепеттерге алып келет.
Ошондой эле адам стрессти баштан көп өткөргөндө нерв системасы жабыркап, кан басым жогорулайт жана жүрөккө күч келет. Натыйжада стресс жүрөк ооруларынын пайда болушун же алардын оорлошун шарттаган провокациялоочу факторго айланат. Натыйжада, стресс факторлорунун таасиринен артериялык кан басым жогорулайт.
Жүрөк оорусуна кабылгандан кийин «мага көп кыймылдаган болбойт» деп таптакыр кыймылсыз болуу дагы туура эмес. Жүрөк ооруларында физикалык активдүүлүк толугу менен чектелбестен, дарыгердин көзөмөлүндө жай ыргакта басуу сунушталат. Мындай кыймыл жүрөккө ашыкча күч келтирбестен, кан айланууну жакшыртат.
– Акыркы мезгилде отурган же уктаган бойдон өтүп кетиптир деген адамдарды көп угуп жатабыз. Анын себеби эмнеде?
– Мындай көрүнүш көпчүлүк учурда жүрөк-кан тамыр оорулары менен байланыштуу. Айрыкча жүрөктүн ритминин бузулушу, миокард инфаркты, жүрөк жетишсиздиги жана кан басымдын кескин жогорулашы мына ушундай күтүүсүз өлүмгө алып келиши мүмкүн. Жүрөктүн ритминин бузулушун аритмия деп коёбуз. Айрым оор аритмиялар капысынан жүрөктүн токтоп калышына алып келет. Бул нерсе адам уктап жатканда да болушу ыктымал. Миокард инфаркты кээде катуу оорутпай, байкалбай өтүп, жүрөктүн токтоп калышына себеп болот. Ал эми жүрөк жетишсиздигинде оору күчөп, жүрөк организмге керектүү көлөмдө кан жеткирип бере албай калат да, капысынан өлүмгө дуушар болушат. Гипертониясы бар адамдарда кан басымдын кескин жогорулап кетиши инсульт же жүрөк оорусуна алып келиши мүмкүн.
Дагы бир нерсени белгилеп коюшум керек, кан тамырларда тромбдун пайда болушу өтө коркунучтуу. Жүрөк же өпкө кан тамырына тромб тыгылып калса, адам күтүүсүздөн каза болушу ыктымал. Мындан тышкары, кант диабети, узакка созулган стресс, тамеки тартуу, алкоголь ичимдиктерин көп колдонуу жана аз кыймылдуу жашоо образы да жүрөккө чоң коркунуч жаратат. Айрым учурларда инфаркт оорутпай өтүп, адам уктап жатканда же тынч абалда жүрөктүн токтоп калышына себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн кан басымды, кандагы кантты жана холестеринди үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу зарыл. Жылына жок дегенде бир жолу ЭКГ текшерүүдөн өтүү, сергек жашоо образын сактоо, стресстен алыс болуу жана дарыгерге убагында кайрылуу күтүүсүз өлүмдүн алдын алуунун эң маанилүү жолдору деп кеңеш берээр элем.
Кан басымы жогору болуп узак убакыт жүргөн адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучу жогорулайт. Ал дайыма жогору болгондо кан тамырлар жабыркап, жүрөккө ашыкча күч келет. Натыйжада жүрөктүн ритми бузулуп, кан уюп калууга шарт түзүлөт.
– Тромбоэмболиянын коркунучу эмнеде же кан тамырдын бүтөлүп калышы кандай кесепетке алып келет?
– Мындай абал дарыланбай, көзөмөлсүз жүрө берсе, оорулуу адамда инфаркт, инсульт же артериялык тромбоэмболия сыяктуу өтө кооптуу оорулар пайда болот. Бирок бул оору кан басымы бар ар бир адамда сөзсүз болот дегенди билдирбейт. Коркунуч дарыны үзгүлтүккө учуратып, өз убагында ичпесе, кант диабети менен жабыркап, ашыкча салмак менен жүрсө күчөйт. Ошондуктан кан басымы жогору адамдар кан басымынын көрсөткүчтөрүн дайыма көзөмөлдөп, дарыгер жазып берген дарыларды убагында ичип жүрүүлөрү керек.
– Жүрөк эмнеден улам чоңоёт?
– Жүрөктүн өлчөмү ар кандай себептерден улам чоңоёт. Эң негизги себеби — кан басымдын узак убакытка чейин жогору болуп жүрүүсү. Ал жогору болгондо жүрөк канды айдаш үчүн көбүрөөк иштейт. Ошондой эле жүрөк клапандарынын оорулары, жүрөк жетишсиздиги жана жүрөк булчуңунун алсырашына алып келген оорулар жана узак убакыт дарыланбай жүрүү жүрөктүн чоңоюшуна себеп болот. Жүрөктүн чоңоюшу өзүнчө оору эмес, бул организмде жүрөккө байланыштуу олуттуу маселе бар экенин билдирет.
– Холестериндин жакшы, жаманы болобу?
– Адамдын организминде холестериндин эки түрү болот: жакшы жана жаман холестерин. Холестерин өзү организмге керек болгон зат, ал гормондордун жана клеткалардын түзүлүшүнө катышат. Бирок анын көлөмү жана түрлөрүнүн балансы абдан маанилүү. Жаман холестерин кан тамырлардын ичине топтолуп, май катмарын түзөт.
Жаман холестерин деп LDL холестеринди айтабыз. Ал канда көбөйүп кетсе, кан тамырлар үчүн өтө кооптуу. Ал кан тамырлардын ички дубалдарына жабышып, майлуу катмарларды — бляшкаларды пайда кылат. Булар кан тамырды бара-бара тарытып, кан айланууну начарлатат. Убакыттын өтүшү менен кан тамыр толугу менен бүтөлүп калышы мүмкүн. Натыйжада жүрөккө же мээге кандын жетиши азаят. Жаман холестериндин көбөйүшү туура эмес тамактанууга байланыштуу. Ошондуктан холестериндин деңгээлин көзөмөлдөө жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууда абдан маанилүү. Айрыкча малдын майлуу эттерин, куурулган тамактарды жана даяр азыктарды көп колдонуу жаман холестериндин жогорулашына алып келет. Казы, карта, колбаса сыяктуу майлуу эт азыктары, самса, чебурек, палоо жана майга куурулган картошка кан тамырлар үчүн абдан зыян. Ошондой эле сары май, каймак, майлуу сырлар, сүт азыктары жана торт, печенье сыяктуу таттуу камыр азыктары да холестеринди көбөйтөт.
Тез даярдалуучу тамак-аштар жана фастфуддар организмде майдын топтолушуна шарт түзөт. Бул майлар кан тамырлардын ичине жабышып калат. Натыйжада, жогоруда айтып өткөндөй жүрөк менен мээге кан жетпей, ар кандай оорулар пайда болот. Кан тамырлар тарып, кан айлануу бузулат. Бул инфаркт, инсульт жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болушуна толук шарт түзөт.
Ал эми жакшы холестерин кан тамырлардагы ашыкча майларды тазалап, аларды боорго жеткирет. Ошондуктан жакшы холестерин жүрөк үчүн абдан пайдалуу. Эгер жаман холестерин көбөйүп, жакшы холестерин азайса, жүрөк ооруларынын коркунучу жогорулайт. Ошондуктан туура тамактануу, кыймылдуу жашоо образы, тамекиден жана алкоголдон алыс болуу, ошондой эле дарыгер сунуштаган анализдерди убагында тапшырып туруу абдан маанилүү.
– Кант диабети бар адамдарда оорунун симптомдору жакшы билинбей калабы?
– Кант диабети бар адамдарда айрым оорулардын белгилери билинбей калышы мүмкүн. Себеби, кандагы кант узак убакыт жогору болуп жүрсө, нервдер жана кан тамырлар жабыркайт. Натыйжада адам ооруну, кысылууну же башка белгилерди толук сезбей калат. Ошондуктан кант диабети бар адамдарда жүрөк оорулары кээде оорутпай өтөт, кан басымдын жогорулашы билинбей жүрүшү мүмкүн, ал эми жарааттар жай айыгат. Бул оорулардын кеч аныкталышына жана татаалдашуусуна алып келет. Ушуга байланыштуу кант диабети бар адамдар өзүн жакшы сезип турса да, дарыгерге үзгүлтүксүз көрүнүп, текшерүүлөрдөн өтүп туруусу зарыл. Мисалы, кант диабети бар адамдарда жүрөк оорулары, кан басымдын жогорулашы, инсульт, буттагы нерв оорулары, бөйрөк жана көз оорулары башында билинбей өтүшү мүмкүн.
Бактыгүл Кулатаева