Эркиндик үчүн күрөшкөн ата-бабалар эскерилди
Бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө 1916-жылдагы Үркүндүн, саясий репрессиялардын курмандыктарын – азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон аталарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин тарыхындагы оор жана кайгылуу окуялардын курмандыктарынын жаркын элесине таазим кылынды. Ошондой эле өлкөбүздүн эркиндиги, эгемендүүлүгү жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы үчүн күрөшкөн ата-бабалардын арбактарына багышталып куран окулду.
Бул эскерүү иш-чарасы улуттук тарыхый эс тутумду сактоонун, ата-бабалардын басып өткөн тарыхый жолуна урмат көрсөтүүнүн жана эгемендүүлүктүн баалуулугун терең аңдоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет айгинелейт.
Ата-бабалардын эркиндик жана мамлекеттүүлүк үчүн күрөшү – бүгүнкү муун үчүн чоң тарыхый сабак жана келечек муундарга калтырган ыйык мурас.