Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунда алтын алды

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Словениянын борбору — Любляна шаарында өткөн Ljubljana European Open-2026 ачык Европа кубогунда алтын медаль жеңди. Мелдеш 14–15-февраль күндөрү болуп өттү.

Жалпы 45 мамлекеттен 513 спортчу катышкан турнирде 90 кг чейинки салмак категориясында таймашкан Эрлан Шеров бардык атаандаштарын утуп, чемпион аталды.

Ал чүчүкулак боюнча биринчи айлампаны өткөрүп, 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти, 1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэль Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейди жеңди. Финалда россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин жеңүүчүсү болду.

Аталган турнирде Кыргызстандан үч спортчу күч сынашты: Эрбол Абасбеков (66 кг чейин), Ханболот Ырысбеков (66 кг чейин) жана Эрлан Шеров (90 кг чейин). Курама команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов жана улук машыктыруучу Азат Кубакаев жетектеп барды.

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X