Эрлист Акунбеков «Агро Куштун» өндүрүшү менен таанышты
Бүгүн, 5-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков өлкөдөгү ири канаттуулар чарбаларынын бири болгон «Агро Куш» ЖЧКсынын өндүрүш ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкана инкубациядан тартып даяр продукцияны чыгарууга чейинки толук өндүрүш циклин камсыздап, ички рынокту ата мекендик тоок эти менен камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана импортко көз карандылыкты азайтуу багытында иш алып барууда.
Учурда «Агро Куш» жылына 7 миллиондон ашык бройлер тоогун өстүрүп, 9 миң тоннага жакын тоок этин өндүрөт. Мындан тышкары, жылына 28 миң тоннага чейин комбикорм чыгарып, 600дөн ашык адамды туруктуу жумуш менен камсыздайт.
Ишкана өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн бири болуп саналат жана мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө да олуттуу салым кошуп келет.