Эрлист Акунбеков Беларусиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолукту

31-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов менен жолукту. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин 2026-жылдын 4–5-июнунда Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарына даярдык көрүү маселелерине көңүл бурулду. Сапардын алкагында расмий жолугушууларды жана иш-чараларды, ошондой эле кыргыз-беларусь бизнес форумун өткөрүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана логистика тармагындагы кызматташуу талкууланды.

2026-жылдын экинчи жарымында Минскте өткөрүү сунушталып жаткан Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны боюнча иштерди активдештирүү зарылчылыгы да белгиленди.

31-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X