Эрлист Акунбеков: Бетон полотносу каналдардагы суу жоготууларын 100%га чейин кыскартууга жардам берет

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 268

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бетон полотносун өндүрүүчү заводдун курулушу жана аны суу чарба тармагында колдонуу боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда суу чарба объектилерин курууда жана оңдоодо бетон полотносун пайдалануу пландалууда. Заманбап курулуш материалы каналдардын ички бетин бекемдеп, суунун топуракка сиңип кетишин алдын алууга шарт түзөт. Натыйжада каналдардагы суу жоготууларын 100 пайызга чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министр белгилегендей, бетон полотносу цемент негизиндеги, суу өткөрбөөчү жана узак мөөнөттүү коргоочу катмар түзүүчү материал болуп саналат. Аны колдонуу салттуу бетонго салыштырмалуу курулуш чыгымдарын болжол менен 30 пайызга азайтып, жумуштарды тездетүүгө жардам берет.

Маалыматка ылайык, бетон полотносун өндүрүүчү заводду ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион чарчы метрге чейин продукция чыгарууга жетет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X