Эрлист Акунбеков кореялык агротехнологиялар менен таанышты

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин министри Эрлист Акунбеков Корея жана Кыргызстанды өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан уюштурулган туруктуу айыл чарба жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү ушул форматтагы алгачкы көз карандысыз туруктуу көргөзмө аянтчаларынын бири болуп саналат. Анда Корея Республикасынын заманбап айыл чарба жана өнөр жай технологиялары тааныштырылды.

Долбоордун негизги максаты — эл аралык кызматташууну кеңейтүү, инновациялык технологияларды жайылтуу, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагын колдоо жана Кыргызстан, Корея Республикасы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары үчүн туруктуу ишкердик платформаны түзүү.

Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы алдыңкы технологиялар, заманбап жабдуулар, күнөскана чарбачылыгы үчүн инновациялык чечимдер, продукцияны кайра иштетүү, сугат системалары, үрөнчүлүк, экологиялык таза өндүрүш жана Кореянын өнөр жай секторундагы жаңы технологиялар көрсөтүлдү.

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X