Эрлист Акунбеков Кореянын элчиси менен жолугушту

10-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Кыргызстан менен Корея айыл чарба жана суу ресурстары тармагындагы кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулады.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланып, өзгөчө айыл чарба жана суу ресурстары тармактарына көңүл бурулду.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Корея учурда мал чарбачылыгы, үрөнчүлүк, азык-түлүк жана суу ресурстары багыттарында активдүү кызматташып келет. Тараптар жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн да карашты.

Жыйынга ошондой эле Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Йон жана KOPIAнын Кыргызстандагы борборунун директору Кванг Сог Чу катышып, буга чейин ишке ашкан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты мындан ары да улантууга даяр экенин айтышты.

10-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X