Эрлист Акунбеков Түркмөнстандын айыл чарба министри менен жолукту

Бүгүн, 19-ноябрда Түркмөнстанга жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Түркмөнстандын айыл чарба министри Чарыяр Четиев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташтыкты күчөтүүнү сүйлөштү.

Кызматташтык үчүн өсүмдүк өстүрүү тармагында — түркмөн тажрыйбасын колдонуу аркылуу кыргыз жеринде кургакчылыкка туруктуу жүзүм сортторун өнүктүрүү, күнөскана чарбаларын уюштуруу, мөмө-жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча биргелешип изилдөө жүргүзүү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, органикалык айыл чарбада — органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, органикалык продукцияны сертификациялоо жана экспорттоо, аларды кайра иштетүү, сактоо жана таңгактоо технологияларын жакшыртуу багытында кызматташуу каралды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүүдө — айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын катышуусунда эки тараптуу ишкер жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып, мындай иш-чаралар ишкер байланыштарды түзүүгө, өнөктөштүктү бекемдөөгө жана айыл чарба продукциясын өз ара жеткирүүнүн көлөмүн арттырууга өбөлгө түзөрүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, Кыргызстан жогорку сапаттагы түркмөн минералдык жер семирткичтерин өз ара пайдалуу шарттарда жана атаандаштыкка жөндөмдүү баада түз жеткирүүнү жолго коюу маселесине өзгөчө токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты айыл чарба тармагында мындан ары кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешип, жигердүү өз ара аракеттенүүгө, тажрыйба алмашууга жана конкреттүү биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу макулдашылды.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X