Эрназар Акматалиев эл аралык турнирде алтын медаль утту
Албанияда өтүп жаткан MUHAMET MALO–2026 рейтингдик эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак категориясында алтын медаль алды.
Акматалиев мелдешти 1/8 финалдан баштап, учурдагы Европа чемпиону, россиялык Ибрагим Ибрагимов менен күрөштү. Таймаш 4:3 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасына чечилди.
Чейрек финалда ал молдовандык Василий Дьяконду 6:1 эсебинде утту. Жарым финалда казакстандык Майис Алиев менен күрөшүп, жыйынтыгында 12:9 эсебинде жеңди.
Чечүүчү финалдык беттеште Акматалиев АКШнын өкүлү Алек Уильям Панталеого каршы чыгып, 3:2 эсебинде жеңишке жетти.