Эртең билим берүү мекемелерине 91 кызматтык автоунаа тапшырылат
Эртең Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги караштуу билим берүү уюмдарына 91 даана кызматтык автоунааны тапшыруу иш-чарасы өтөт.
Иш-чара 2026-жылдын 13-майында Т. Усубалиев атындагы аянтта уюштурулуп, ага Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Догдуркүл Кендирбаева катышат.
Маалыматка караганда, билим берүү мекемелеринин автоунаа паркы узак убакыттан бери системалуу түрдө жаңыланган эмес. Жаңы транспорт каражаттары аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин жакшыртып, алардын функцияларын натыйжалуу аткарууга шарт түзөт.
Автоунаалар Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу лизинг механизми менен сатылып алынган. Жалпы 91 даана Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү автоунаа каралган.
Аталган унаалар ата мекендик DT Technic ишканасы тарабынан өндүрүлгөн. Жаңы техникалар билим берүү тармагындагы инфраструктураны жаңылоого жана иштин ыкчамдыгын жогорулатууга багытталган.