Эсептөө палатасы: Бир жылда 171 кызматкер жоопко тартылды
2025-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында Эсептөө палатасы мамлекеттик органдарда бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы 1032 жол-жоболук мыйзам бузуу катталган. Аларды жоюу максатында тиешелүү мамлекеттик мекемелерге көрсөтмөлөр жана сунуштар жөнөтүлүп, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынган.
Жыйынтыгында каржылык тартип бузууларга жана башка кемчиликтерге жол берген 171 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, алардын ичинен 14ү ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Ошондой эле Акматов мекеменин өзүндө да тартипти күчөтүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Былтыр Эсептөө палатасынын бир катар кызматкерлерине сөгүш жана эскертүүлөр берилген, ал эми эки мамлекеттик инспектор кызматтан алынган.