Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинде бир катар каржылык мыйзам бузууларды аныктады
Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинин жана ага караштуу мекемелердин 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын чыгарды.
Маалыматка ылайык, министрликтин өткөн жылга такталган бюджети 41,7 млрд сомду түзүп, анын 39,4 млрд сому иш жүзүндө өздөштүрүлгөн.
Текшерүүдө бюджеттик каражаттарды пайдалануу негизинен мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлгөнү белгиленгени менен, эмгек акы төлөө, курулуш иштерин каржылоо, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана башка багыттарда бир катар кемчиликтер аныкталган.
Эсептөө палатасы мыйзам бузууларды жоюу, пайдаланылган каражаттарды калыбына келтирүү жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле олуттуу мүнөздөгү үч материал укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.