Эски айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу 15-февралда аяктайт
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу өнөктүгүнүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу “Унаа” мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев билдирди.
Жакишевдин айтымында, айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формадагы медициналык маалымкат мурда талап кылынып келген болсо, мындан ары талап кылынбайт.