Эски автобаза заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 243

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасында болуп, жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Убакыттын өтүшү менен анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип, жаңылоого муктаж болуп калган. Учурда объектте кеңири масштабдагы оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Курулуштагы инженердик изилдөөлөр боюнча Кыргыз башкы институту (КыргызГИИЗ) 1975-жылы түзүлгөн. Ал эми Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык, мекеме Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти болуп кайра түзүлгөн.

Возможно, это изображение один или несколько человек

Министр жолугушуу учурунда инженердик изилдөөлөрдүн сапаты өлкөдөгү ар бир курулуш объектисинин коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчиликтүү иштөөгө, мыйзам талаптарын сактоого жана ачык-айкындык принциптерин карманууга чакырды.

“Мамлекет тарабынан бардык шарттар түзүлүп жатат. Эң башкысы  ар бир кызматкер таза, ак ниет жана жоопкерчиликтүү иш алып барышы керек. Инженердик изилдөөлөрдүн сапаты келечектеги курулуштардын бекемдигин жана коопсуздугун аныктайт”, — деди Нурдан Орунтаев.

Нет описания фото.

Департамент министрликке өткөндөн бери материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу иштери ырааттуу улантылууда. Анын алкагында башкы кеңсе 2025-жылы соңку 50 жыл ичинде алгачкы жолу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Учурда ушул багыттагы иштер автобаза объектинде да уланууда. Бардык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ички ресурстардын эсебинен жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X