Эт эмне себептен кымбаттап жатат?

25-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30

Кыргызстанда эттин баасынын өсүшү малдын сыртка көп көлөмдө чыгарылып жатканы менен байланыштуу. Бул тууралуу Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Эрлист Акунбековдун айтымында, акыркы төрт ай ичинде өлкөдөн 53 миң баш мал экспорттолгон. Натыйжада ички рынокто сунуш азайып, эттин баасы жогорулаган.

Министр белгилегендей, коңшу мамлекеттерде уй этинин баасы 1 400 сомго чейин жетип, чет элдик сатып алуучулар Кыргызстандагы малды арзан баада алып чыгып кетүүдө.

«Чет элдиктер өлкөдөн малды арзан ташып кетип жатат, бирок андан биздин ишкерлер жетиштүү пайда көргөн жок», — деди ал УТРКнын «Диалог» берүүсүндө.

25-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X