Эвакуациялангандарды жайгаштыруучу алты жай иш алып барууда
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуациялангандарды жайгаштыруучу алты жай иш алып барууда. Эвакуацияланган Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары (аялдар, балдар жана кары-картаңдар) мектептерге тийиштүү имараттарга жайгаштырылып жатышат.
Облус бийлигинин маалыматына караганда эвакуацияга 3 миңдей адам алынган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталып, 29-апрелде да уланды. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуудан жергиликтүү тугундардын үйлөрү өрттөндү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду.