Европада газдын баасы бир күндө кымбаттады

3-март, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 498

Европада жаратылыш газынын баасы бир сутканын ичинде жогорулады. Бул тууралуу «Kazinform» маалымат агенттиги кабарлады.

АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынан кийин Ормуз кысыгы жабылган. Бул суу жолу дүйнөлүк энергетикалык ресурстарды жеткирүүдө стратегиялык мааниге ээ. Жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуу газ рыногуна дароо таасир этти.

Нидерланддагы TTF виртуалдык соода аянтчасында апрель айында жеткириле турган газдын баасы 2-мартта бир мегаватт-саат үчүн 47,2 еврону түздү. 27-февралда бул көрсөткүч 31,95 евро болчу.

3-март, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 498
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X