Фермер Илич АЙТМАНБЕТОВ: “ЭТТИН БААСЫНА “АСЫЛГАН” “ЭКСПЕРТТЕР” КӨБӨЙДҮ…”

Өлкөдө барган сайын эттин баасы кескин кымбаттап, соңку 1 жылда баа наркы 14%га кымбаттаганы (расмий маалыматта, аныгында кымбатчылыктын куну мындан эки эсеге көп) маалым болду. Адистер эттин наркынын кымбатташын бир нече факторлор менен байланыштырып, башкы себеп климаттын өзгөрүшүн жүйө келтиришүүдө. Аныгында кургакчылык, жайыттардын деградациясы мал чарбасы менен тиричилик кылган Кыргызстандын айыл калкына оор сокку уруп жатканын, эттин баасы асман чапчып жаткан азыркыдай чакта мал баккандардын абалы деле жыргап кетпегендигин төрт түлүк ээлери жашырышпайт. Биз бул сапар дал ушул көйгөйгө жайдыр‑кыштыр шарты катаал аймакты мекендеген Кочкор районунун Кара-Мойнок айылынын тургуну, фермер Илич Айтманбетовдун “көзү менен” сереп салдык.

“Атамдын чакыруусу менен мал чарбачылыгын тандагам”

— Мен дагы кезегинде мектепти бүтөөр замат өзүм курдуу жаштардын жоон топ агымы менен (азыр деле бул көрүнүш күчүндө) элетти таштап, борборду көздөй жөнөгөм. Шаарга келген алгачкы жылдары ар түрдүү жумуштарда эмгектенип жүрүп, ал арада 3-4 жыл кантип өткөнүн билбей калыпмын. Ошентип жүрүп үйлөнүп, келинчегим экөөбүз турмуштун кайыгын (көпчүлүк жаштар сымал) баш калаабызда “сүзүүнү” максат кылып, шаарда туруп калдык. 2010-жылдары мамлекетибизде олку-солку окуялар көп болуп, 7-апрель, Оштогу июнь коогалаңдары жүз берип, элде жумуш жок кыйын убактар болчу. Шаардагы жумушсуз жүргөн күндөрүмдү байкаган кыраакы атам “балам, айылга кел, өзүң үйдөгү мал менен, жубайың мектепке кирип иштеп аласыңар. Шаардан тапканды айылдан деле тапса болот” — деп чакырып калды. Атамдын сөзүн “эки кылбай”, келинчегимди алып, киндик кан тамган айылыма сапар алдым да, акыры ата конушумдан биротоло түнөк таптым. Жубайым да анча-мынча жагдайларды эске албаганда тез эле кайын журтуна көнүп кетти. Ошондон тарта экөөбүз төрт түлүктүн түйшүгүнө кирип, “малды баксаң мал болот” деген кыргыздын мыкты кебин көркүнө чыгарууга кириштик.

“Карандай суукта арка-бел болгон келинчегиме ыраазымын…”

— Соңку 30 жылдын ичинде айылдык эле кыздар айылга жашоодон кызылдай качып, элетке турууну каалабай калганын эске алганда жубайымдын мени менен жылдын төрт мезгили бою тоодо күн кечирген жүрүшүн “эрдикке тете” баалайм. Аныгында тоонун жашоосуна чыдагандар гана чыдайт. Өзгөчө аял кишиде күн-түн тыным жок. Саан саап, айран, быштак, сары май, чөбөгө, каймак, кымыз айтор, мындай түйшүктүн баары келинчегимди кечкисин суй жыгат. Кээде булардан тажаганда жеңеңер деле жеңил жашоого ыктап, жакага түшүп же шаарга жашагысы келет. Бирок, шаарда өзүбүздүн үйүбүз жок, экинчиден, балдарыбыз чоңоюп келаткандыктан ошолордун келечегин түзөлү деп үй-бүлөм менен жапа тырмак чарбачылыкты тандап, иш алып баруудабыз. Гезит аркылуу да ыңгайдан пайдаланып келинчегиме мага арка-бел болуп жүргөн жүрүшү үчүн рахматымды айтам.

“Сандан сапатка өтүүгө кириштим”

— Ушу тапта көпчүлүк фермерлер малдын туягын баштагыдай санабай, сандан сапатка өтүп жатканын көрүп бир эседен кубанасың. Мен дагы замандын шары менен бул жагын колго алып, асыл тукумдуу, эт, сүт багытындагы төрт түлүктүн түрүн багууну баштадым. Тагыраагы, эт багытындагы меринос койлорду жана “Аңгус” породасындагы уйларды өстүрүп жатам. Чарбачылыкка ык койгондо үй-бүлө, ага-тууган, жакын адамдарымдан тышкары куру дегенде бир айылды эт менен камсыз кылууну максат кылгам. Ысык-Көл облусунда “Рейна кенч” деген атактуу кооператив бар. Ошол кооператив карамагындагы мал менен бүтүндөй Кумтөрдө эмгектенгендерди эт менен камсыз кылат экен. Анын сыңары, мен дагы ошол сыяктуу эң куру дегенде Кочкордун өйдөкү аймагындагы бир айыл өкмөттөгү бала бакчалар менен мектептердеги балдарыбызды таза, сапаттуу эт менен камсыз кылсамбы деген асыл максатым бар. Кудай буюрса жакында бул тилегимди ишке ашырам деген аракеттемин.

“Айыл чарба багытындагы ирилештирүү саясатын колдойм”

— Учурда башкалар сыяктуу эле айыл чарба коммерциялык кооперативин иштетип баштаганыма 5 жыл болду. Кооперативдин негизги максаты – өз ара пайда табууну көздөгөн бир нече адамдардын өз ыктыяры менен биригип, бир багытта иш алып баруусу. Биздин кооперативдин максаты – айыл чарба багытында асыл тукум мал чарбасы, анын ичинен эт, сүт багытындагы төрт түлүк малды багуу. Баштаган иштерибиз жаман эмес. “Жакшы ишке Жараткан дагы жар болот” дегендей ишмердүүлүгүбүз ийгиликтер менен коштолуп, мамлекетибиздин гана колун карап отура бербей, өлкөбүзгө алыбыздан келишинче жардам бергенге бар аракетибизди көрүүдөбүз. Бул жааттагы дагы бир асыл максаттарымдын бири мамлекеттин айыл чарба багытындагы ирилештирүү саясатын колдоо болуп саналат.

“Изги тилегим – ак койдун тукумун жандандыруу”

— Башта айттым го, төрт түлүктүн болгон түрүн асылдандырууну колго алып, элибизди эт менен камсыз кылуу асыл максатым экенин… Мындай аракетке учурда көпчүлүк фермерлер батыл киришип башташты. Бул көрүнүшкө карата айрымдар “чет өлкөлүк жакшы көрүнгөн улам бир мал тукумун көчүрүп отуруп келечекте кыргыз малынын артыкчылыгы менен тукумун жоготуп албайбызбы?” — деп санаркашып жатышпайбы?! Аныгында андай эмес! СССРдин учурунда дагы малды асыл тукумдаштыруу саясаты болгон. Кубаттуу доордо деле кыргыз уй, кыргыз жылкы, кыргыз койлорунун породасын элибиз жок кылган эмес. Учурдагы айныгыс максатым – Союз учурандагыдай ак мөңгүдөй болгон ак койлорду кайрадан жандандыруу. Кудай буюрса, ак койго элибизди көндүрүп кетсемби деген асыл тилегим бар. Биз башкалар сымал аша чаап, фермабызды кымбат койлор менен түзгөн жокпуз. Азыркы учурда болбогон козуларды 5 миң доллар деп жатышат. Ошол козу 5 миң долларлык эт бербейт. Бул жөн гана аша чабуу, пиар. Чындап келсе азыр жылдызы жанып жаткан “Арашан” породасындагы койдун баасы жылкыдан өтүп кетти. Мунун өзү Европа же чет өлкөлүктөрдү туурагандык, өз өлкөбүздү басмырлагандык деп ойлойм. Кыргыз качан жылкыдан мурун кой менен уйду баалачу эле? Ата-бабаларыбыз да адеп жылкыга басым жасашчу. Азыркы көч кайда баратат, билбейм.

“Мал багуу барган сайын оорлошууда”

— Ооба, учурда эттин баасы барган сайын асман чапчууда. Бирок, эттин наркы көтөрүлгөнү мал баккандардын абалынын жакшыргандыгын билдирбейт. Сыртты карасаңар баасы арзан эмне калды? Кызыгы, баш калаадагы батирдин баасына эмнеге көзөмөл жок? Эмнеге торттун баасына көзөмөл жок? Жем-чөптүн же дарыканалардагы дарылардын баасына көзөмөл барбы? Күйүүчү майдын кымбаттыгы “кылт этип” кыбыраган нерселердин баарысынын баасын көтөрүүдө. Ушуларды кеп кылбай эле азыр бирдеме десең эттин баасын “бетке кармашат”. Ошондой “эксперттер” мал багуунун түйшүгү эселеп оорлошконун, кургакчылык, суу тартыштыгынын айынан тоют жыйноо кыйла түйшүк жаратып жатышканын эмнеге айтышпайт? Азыр өлкөбүздө ички миграция күч алып, айылдарда мал багууга же жардамчылыкка ык койгон жаштар дээрлик жок. Азыркылар мал багуунун түйшүгүнө аралашыштан жаа бою качып, жаштардын көбү шаарга эмес, чет мамлекеттерге баш калаага баргандай эле барып калышпадыбы. Учурда мамлекет жетекчилиги шаарга эмес, алыскы тоолуу аймактарга аябай көп жардам берип жатканын түшүнүп, айыл ичинде оокат кылган жаштар жок эмес. Болгону өтө аз. Жаштарыбыз мал багуунун түйшүгүнөн качып жатышса, анан кайдагы арзан этти оозанабыз? Соңку убакта мал семиртип сатуу кирешелүү тармак деген мүнөздөмөгө дал келбей калды. Айрым фермерлер багытын өзгөртүп, короо-жайындагы малдын санын азайтууга аргасыз болушууда. Мындай шартта эттин баасын арзандатууга болобу?

“Мал чарбачылыгы заманбап ыкмада жүргүзүлсө…”

— Эттин кымбатташынан улам ушул жерден токтоло кетчү жагдай: Өткөн жылы айтылуу Аскар Салымбеков агабыз Балыкчыга эт комбинатын курганы менен бүтүндөй Нарын, Ысык-Көлдүн малы андагы муктаждыкты жаппасы белгилүү болду. Нарын облусу мал киндиктүү, аймакта төрт түлүк көбөйүп кетти, малдан башка киреше бере турган булагыбыз жок дегенибиз менен бир эт комбинаттын муктаждыгын да жаппайт экенбиз. Анан кайсы арыбызга мактанабыз? Ошондуктан, жергиликтүү элибиз малдын санын, ага удаа сапатын көбөйтүшү керек. Аныгында Балыкчы шаарында эт комбинатынын курулушу — биздин аймак үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул жайга эттин жетишсиздиги маселенин системалуу экенин көрсөттү. Мындай шартта жергиликтүү эл малдын санын эмес, сапатын көбөйтүүгө көңүл бурушу керек. Мал чарбачылыгы мурдагыдай эски ыкмада эмес, заманбап талаптарга ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Буга асыл тукум малды көбөйтүү, ветеринардык көзөмөл, тоют базасын жакшыртуу жана малды бордоп сатуу маданиятын өнүктүрүү маанилүү. Буга удаа мамлекет жана ишкерлер тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген насыялар, адистердин кеңеши, сатып алуудагы туруктуу баа сыяктуу көмөкчү механизмдер болмоюнча, эл өз алдынча чоң көлөмдө өндүрүшкө чыга албайт. Дагы айтам, эт комбинатынын ачылышы жергиликтүү эл үчүн стимул болушу керек. Бирок муктаждыкты толук жабуу үчүн малдын санын көбөйтүү менен катар сапатын жогорулатуу, мал чарбасын комплекстүү түрдө өнүктүрүү зарыл деп эсептейм.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X