ФЕРМЕРЛЕР ҮЧҮН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ БЕРИЛЕТ

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 18

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү жана даярдыктар тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берип жатып, өлкөдө айыл чарбасын сапатка өткөрүү каралып жатканын билдирди. Айрыкча органикалык айыл чарбасына өтүү жана сугат сууну рационалдуу пайдаланууга басым жасала турганын министр баса белгиледи. “Сапаттуу үрөн менен камсыздоо, мал чарбасында сапаттуу уруктандыруу колго алынат”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Төрөбаевдин айтымында 2026- жылы агроөнөр жай комплексин колдоого 42 млрд сомдон ашуун каражат каралууда. Министрлер Кабинети тарабынан бир катар мамлекеттик долбоорлор жана мамлекеттик инвестициялык программалар ишке ашырылат.

Долбоорлор Азия өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк, “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасы, “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду”, KOICA каржы институттары аркылуу каржыланмакчы.

Андан тышкары республикалык бюджеттен – 6,0 млрд сом, атайын эсептен – 1,5 млрд сом, мамлекеттик инвестициялар долбоорунан – 11,0 млрд сом, капиталдык салымдардан – 14,3 млрд сом, 7 мамлекеттик колдоо долбоорунун алкагында – 9,3 млрд сом бөлүнмөкчү.

Ал ортодо министрлик «Айыл Банк» ААКсы жана «Элдик Банк» ААКсы менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек жакын арада ишке киргизилерин жарыялады. Бул санариптик механизм Министрликтин техникалык оператору – «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, «i-Dyikan» платформасынын негизинде жүзөгө ашырылмакчы.

2026-жылдын 15-февралынан тартып «i-Dyikan» санариптик платформасы ишке кирет. Анда ар бир фермер каттоодон өтүп, жеңилдетилген насыя алуу үчүн арыз берип, банкка электрондук түрдө кезекке тура алат. Насыя каражаттары жеңилдетилген каржылоо программаларынын белгиленген критерийлерине жана талаптарына ылайык берилет. Санарип форматка өтүү фермерлерге өз арызынын жүрүшүн онлайн режимде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, «i-Dyikan» платформасы аркылуу министрликтин мамлекеттик кызматтарына электрондук түрдө жетүүгө шарт түзүлүп, аларды алуу процесси кыйла жөнөкөйлөштүрүлөт. Жаңы механизм фермерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүн жеңилдетүүдө жана өлкөнүн айыл чарба тармагын жалпы санариптештирүүдө маанилүү кадам болмокчу.

Ал эми Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош башкармалыгы тарабынан Ош облусуна импорттолуп кирген көчөт материалдарына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Маалыматка таянсак, фитосанитардык көзөмөл эки баскычта жүргүзүлөт. Биринчи баскычта жүк Кыргыз–Өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Достук» карантиндик фитосанитардык контролдоо посту аркылуу киргизилип, бардык коштоочу документтер – фитосанитардык сертификат, уруксат кагаздары жана товардык-транспорттук документтер кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт.

Экинчи баскычта жүк «Мега Логистик» бажы тариздөө пунктунун аймагында кайрадан көзөмөлдөнүп, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынат. Алынган үлгүлөр Ош карантиндик фитосанитардык лабораториясына жөнөтүлөт. Лабораториялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыккан учурда гана көчөт материалдарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тиешелүү фитосанитардык документ берилет. Ошондой эле көчөт материалдарына кошумча зыянсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлөт. Мындай кадамдар айыл чарбасын коргоонун, ошондой эле карантиндик зыяндуу организмдердин кирүүсүнө жол бербөөнүн негизги шарты
болууда.

Бакыт Төрөбаев мындан тышкары малдын асылдуулугун арттыруу, асыл тукум мал кармоону кеңири жайылтуу үчүн мамлекеттин эсебинен 61 млн сом бөлүнүп, асыл тукум малдын 270 миң доза уруктандыруу материалы сатылып алынып, акысыз уруктандыруу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Жаз жарыш, күз күрөш дейт элибиз. Жаздын бир күнү бир жылга тете. Ушул күндөрдө айрым аймактарда жазгы талаа иштери, учурда фермерлердин түйшүктүү жумуштары башталган чак. Андыктан, дыйкандар айрыкча айыл чарба иштерине каралган колдоо, бериле турган насыялардын кечиктирилбешин суранышууда. Министрдин айтымында жазгы талаа жумуштары боюнча маселе тыкыр көзөмөлдө.

 Жазгүл Кенжетаева

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X