Февраль айындагы экинчи магниттик бороон башталды

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 80

15-февралга караган түнү Жер шарында февраль айындагы экинчи магниттик бороон башталды. Бул тууралуу Орусиядагы Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Адистердин маалыматына ылайык, учурда геомагниттик толкун орточо деңгээлге чейин жетүүдө. Ал болжол менен эки суткага созулушу мүмкүн. Бирок бороондун күчү бир калыпта болбойт — айрым убакта басаңдап, кайра күчөшү ыктымал.

Эске салсак, ушул айдагы биринчи магниттик бороон 5-февралда катталган. Январь айында болсо акыркы он жылдагы эң көп магниттик бороондор болуп, негизги активдүүлүк айдын экинчи жарымында байкалган.

16-февраль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X