Финансы министри Баалуу металлдар департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Финансы министри Руслан Сүйналиев министрликке караштуу Баалуу металлдар департаментине иш сапары менен барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана алдыдагы өнүгүү багыттары менен таанышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин директору Алмаз Кадыракунов мекеменин ишмердүүлүгү, тармакты өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берди. Ал 1991-жылы негизделген Баалуу металлдар департаменти өлкөдөгү баалуу металлдар жана асыл таштар тармагын жөнгө салган негизги мамлекеттик орган экенин белгиледи.
Жолугушууда департаменттин ишмердүүлүгүн модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Акыркы жылдары мекемеде санариптик трансформациялоо боюнча бир катар чаралар ишке ашырылып, ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы өркүндөтүлгөнү жана башкаруу процесстеринин натыйжалуулугу жогорулатылганы айтылды.
Иш сапардын жыйынтыгында министр Руслан Сүйналиев департаменттин ишине оң баа берип, мамлекеттик фондду толуктоо, санариптештирүү иштерин күчөтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Министр өз сөзүндө мамлекеттик финансы системасынын чыңдалышы баалуу металлдар тармагынын өнүгүшүнө, мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууга жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.