Фитосанитардык талаптарды бузган 47,7 тонна дарбыз өлкөгө киргизилген жок
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан мамлекеттик чек араларда фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Кең-Сай жана Достук фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пункттарында Өзбекстан Республикасынан импорттолуп келген дарбыз продукциясынын эки партиясында фитосанитардык мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, бир жүктө фитосанитардык сертификат жок болсо, экинчи партиясында продукциянын талапка ылайык маркировкасы болгон эмес.
Мындан улам жалпы көлөмү 47 тонна 780 килограммды түзгөн дарбыз жүгү фитосанитардык талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жок жана жүк жөнөтүүчү тарапка кайра кайтарылды.
Белгилей кетсек, фитосанитардык сертификат жана маркировка өсүмдүк продукциясынын келип чыккан жерин, коопсуздугун жана карантиндик талаптарга шайкештигин тастыктаган милдеттүү документтер болуп саналат.
Учурда өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик чек араларда фитосанитардык көзөмөл үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, мыйзам талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулууда.