Флайборддогу шоу жана желбиреген желек көпчүлүктү суктандырды

1-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153

Ысык-Көлдүн жээгинде Борбор Азия тарыхында алгачкы жолу өтүп жаткан F1H2O суудагы “Формула-1” дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өзгөчө шаңга бөлөндү.

Аземдин эң таасирдүү көз ирмемдеринин бири флайборд менен асманга көтөрүлгөн кыздын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин бийикте желбиретиши болду. Бул көрүнүш миңдеген көрүүчүлөрдүн коштоосунда чемпионаттын символдук башталышын билдирип, иш-чарага өзгөчө көрк кошту.

Эл аралык мелдешке дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген эң күчтүү пилоттор катышууда. Ачылыш аземине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери ардактуу конок катары күбө болуп, спортчуларга ийгилик каалашты.

Эртең  дүйнөнүн мыкты суу-мотор спортчулары чемпиондук үчүн күч сынашып, F1H2O дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталат.

 

1-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 153
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X