Fly Arystan Астана – Ысык-Көл багыты боюнча түз каттамдарды ишке киргизди
Казакстандын Fly Arystan авиакомпаниясы Астана – Ысык-Көл (Тамчы) багыты боюнча үзгүлтүксүз түз каттамдарды аткара баштады.
Алгачкы рейс 3-июлда аткарылып, эми жүргүнчүлөр Ысык-Көлгө түз учуп бара алышат. Каттамдар жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү Airbus A320 учактары менен жүргүзүлөт.
Жаңы авиабагыт Казакстандын борбору менен Кыргызстандын популярдуу туристтик аймагын байланыштырып, жайкы эс алуу мезгилинде саякатчылар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.