"Эркин-Тоо"

ФОНОГРАММА – ҮНҮ ЖОК ЫРЧЫНЫ ТАЛАНТТУУ ЫРЧЫГА ТЕҢЕЙБИ?

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик мекемелерде жана коомдук иш-чараларда фонограмма менен ырдаганга тыюу салынды. Мындай буйрукту Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов чыгарды. Коомчулукта бул боюнча түрдүү пикирлер жаралууда.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат МАМБЕТМУСАЕВА:

“БУЙРУК АТКАРЫЛАТ ДЕП ИШЕНЕБИЗ”

— Музыкалык искусствону, анын ичинен вокалдык чеберчиликти өнүктүрүү буйруктун эң негизги максаты болду. Акыркы учурда абдан чоң тенденция жаралды. Адамда талант үн барбыжокпу, компьютердин жардамы менен үн жаздырып алып акча табуу же чыныгы таланттардын көрүнбөй калуусу өңдүү терс көрүнүштөр пайда болду. Министрлик тарабынан катуу көзөмөлдөнүп, жана буйрук аткарылат деп кепилдик беребиз.


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дилбар РАЙЫМБЕКОВА:

“ФОНОГРАММА КӨКҮРӨКТҮ ЭМЕС, КӨЗДҮ ГАНА ТОЙГУЗУП КЕЛЕ ЖАТАТ”

— Аспапта ойной алган ырчылар фонограммасыз ырдагандан коркпойт. Таза эстрада менен жүргөндөр кичине жүрөксүнүп жатышы мүмкүн. Ырчы үнү менен машыгып турбаса өнөрүндө өсүү болбойт, ырчылык дарамети жогорулабайт. Фонограмма ырчынын сырткы көрүнүшү, жалтыр-жултур кийимдери, жасалга-кооздуктары менен көздү эле тойгузуп келе жатат. А көкүрөктү тойгузуп, жүрөктүн мээрин кандырууга анын күчү жетпейт.


“Эл шайырлары” тобунун жетекчиси Кылычбек БЕКИШОВ:

“ӨНӨРДҮ ӨРКҮНДӨТКӨНГӨ ТОСКООЛДУК ЖАРАТАТ”

— Фонограмма өнөрдү аздектеп карманганга, өнөргө кам көргөнгө чоң тоскоолдук жаратат. Экинчиден, жалаң фонограмманы угуп тарбияланган муун нукура, табигый талант менен жасалма үндүн айырмасын билбей, маданий аңсезиминин калыптанышына доо кетет. Ырчылар ырдап, бийчилер бийлеп коомду тарбиялап келген илгертен. Бүгүнкү фонограмма менен коомду кантип тарбиялоого болот? Ошондуктан бул чечкиндүү кадам чыныгы өнөрпоздордун тилеген, күткөн эңсөөсү эле деп ойлойм.


“Эл шайырлары” тобунун солисти Кенже КӨБӨКОВА:

“КОМУЗ МЕНЕН ЫРДАП ЖҮРГӨНДӨ ЧЕТТЕП КАЛГАНБЫЗ”

— Мен чындыкты айтайын, 2005-2006-жылдары биз комуз менен ырдап жүргөндө четке сүрүлүп калганбыз. Фонограмма менен ырдагандар баркталчу. Биздин үнүбүздү элге жеткирген теле-радиолордо “комуз менен ырдаганыңар өтпөйт, шаңдуу эстрадалык ырыңар барбы?” дегендерди уктук. Мен фонограммасыз ырдагандан коркпойм, жана бул буйрукту колдоймун. Жашыруун эмес, баарыбыз эле тойлордо кызмат кылабыз. Ошондо эмгеги элге сиңип калган чоң таланттуу ырчылар 5000 сом алып кетсе, үнү жок, фонограмма менен ырдап, элге атактуу болуп кеткен ырчы 500 доллар алып кеткен учурлар кездешпей койбойт.


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Максат КУЛУЕВ:

“ЭКИ СААТТА ЖАЗДЫРЫП КОЙГОН ЫРЫ МЕНЕН ЭЛ АРТИСТИНЕ ТЕҢЕЛИП КАЛЫП ЖАТЫШАТ”

— Бир ырчы отуз жылбы, кырк жылбы күнү-түнү машыгып, окуу жайды бүтүп, вокал, билим алып ырдап жүрсө, бирөө эки саатта жаздырып койгон ыры менен ырдап чыга калып, эл артисттерине кадыры теңеле түшүп жатпайбы. Демек, калыстык болбой калды. Айрым ырчылардын аппаратурабыз начар дегени “сая албаган ийне тандайт” дегендей болуп жатат. Эртебикечпи иргелип, жандуу үнгө өтүшүбүз керек болчу.


Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек НИЯЗОВ:

“ҮНҮ ЖОК ЫРЧЫЛАР ӨЗ ЖОЛУН ТАБЫШАТ”

— Фонограмманын кесепети менен кыргыздын Кудай берген нукура, табигый, көмөкөйүндөгү ыры жоголуп баратканына көбүбүздүн ичибиз ачышып жүргөн. Жандуу үн менен ырдаганга аппаратураларыбыз начар деп жатканы жөн гана шылтоо. Мыскал Өмүрканова эжени кадимки Кожомкул балбан алып келген ырчылыкка. Айылдын четинен өтүп баратса талаада орок оруп жаткандардын арасынан бирөө ырдап, үнү Жумгалдын баш-аягына жаңырып жатат дейт. Атын буруп барып “азыркы ырдаган ким?” деп сураса Мыскалды көрсөтүшөт жанындагылар. “Ырда, алдыңа кетейин ырда. Мен мындай үндү сагынып жүргөм” деп, Мыскалды элдик театрга алып барып ырдаттырат. Фонограммасыз ырдоо боюнча буйрук ишке ашып кетсе, ырчылар таразага түшөт, дагы иргелет. Таланты жок, ырчылыкка илээшип жүргөндөр башка кесипти тандап, жашоодо өз жолун табышат.

Афина БАКИРОВА
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!