Франция парламенти көп жылдык талаштан кийин эвтаназия мыйзамын колдоду

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 239

Франциянын Улуттук ассамблеясы көп жылдык талкуулардан кийин оор жана айыккыс дартка кабылган бейтаптарга өмүрдөн өз эрки менен кетүүгө жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу BBC маалымдады.

Документ үчүн парламенттин төмөнкү палатасында 291 депутат добуш берсе, 241 депутат каршы чыкты. Мыйзам долбоору буга чейин Сенатта үч жолу колдоо таппай келген.

Эми мыйзамдын айрым беренелери Франциянын Конституциялык кеңешинин кароосуна жөнөтүлөт. Кеңештин макулдугунан кийин гана документ күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамга ылайык, акыркы баскычтагы оор жана айыккыс оору менен жабыркаган, туруктуу жана чыдагыс физикалык же психологиялык азап тарткан бойго жеткен жарандар мындай жардам алуу укугуна ээ болот.

Бейтап өзүнүн чечимин дарыгерлерге билдириши керек. Медициналык адистер бардык жагдайларды карап чыгып, 15 күндүн ичинде жыйынтык чыгарат. Андан кийин жаранга дагы эки күн ойлонууга убакыт берилет.

Белгиленген тартипке ылайык, бейтап өлүмгө алып келүүчү инъекцияны өзү жасоого тийиш. Эгерде анын ден соолугунун абалы буга мүмкүнчүлүк бербесе, процедураны дарыгер же медайым аткарат.

Францияда бул маселе боюнча талкуулар бир нече жылдан бери уланып келген. Кабыл алынган мыйзам өлкөдө паллиативдик жардам жана эвтаназия маселесине байланыштуу жаңы укуктук механизмдерди киргизүүнү көздөйт.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 239
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X