Франциядагы ысыктан бир жуманын ичинде 2025 адам каза болду

4-июль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 331

Франция өкмөтү июнь айында өлкөнү каптаган катуу ысык толкун учурунда бир жуманын ичинде мурдагы жылдардын орточо көрсөткүчүнө салыштырмалуу 2 миңден ашуун ашыкча өлүм катталганын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Стефани Ристтин айтымында, 22-июнь менен башталган аптада өлүм көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 30 пайызга жогорулаган. Ал 22–28-июнь аралыгында өлкө боюнча жалпысынан 2025 өлүм катталганын белгилеп, бул сан сезондук орточо деңгээлден ашканын кошумчалады.

Адистердин айтымында, бул көрсөткүч “ашыкча өлүм” катары бааланат жана ал түздөн-түз ысыктан каза болгондор менен катар, ысык аба ырайынан күчөгөн өнөкөт ооруларды да камтышы мүмкүн.

Июнь айында Францияны эки жумага жакын каптаган ысык толкун транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана өндүрүш тармактарына олуттуу терс таасирин тийгизди. Париж шаарында эле 26-июнда ысыктын кесепетинен 109 адам каза болгону кабарланды.

Метеорологдордун маалыматына караганда, кийинки жумадан тарта өлкөдө жаңы ысык аба толкуну кайрадан күчөшү мүмкүн экени эскертилүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X