Гүлбара Ишенапысова: Вакцина алгандардын арасында Бактияр Шакировдун ысмы жок

2-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 20

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду, деген маалымат туура эмес. Мурда тараган мындай кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги расмий төгүндөдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Иммунопрофилактика республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, вакцина алгандардын арасында Бактияр Шакировдун ысмы жок.
«Эмдөөдөн өткөндөрдүн баардыгы электрондук базага киргизилет. Вакцина жүргүзүлүп жаткан бир да мекемеде Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери эмделген эмес», — дейт ал. Гүлбара Ишенапысова ага карабай атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүрөрүн билдирди. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда Кытайдын SinoPfarm компаниясынын вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.

2-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X