Гүлнара БААТЫРОВА, Жогорку Кеңештин депутаты: “СОЦИАЛДЫК АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ КАМСЫЗДОО – МААНИЛҮҮ ПРИНЦИП”
Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга “Бала ырысы” жөлөкпулун берүү демилгеси көтөрүлүп, коомчулукта колдоо тапты. Жогорку Кеңештин депутаты Гулнара Баатырова бул колдоо үй-бүлөлөргө канчалык жардам бере турганын жана баатыр энелер үчүн санаторий ачуу демилгеси боюнча ой бөлүштү.
– Гүлнара Маришовна, Президент Садыр Жапаров Жарлыктын негизинде киргизген “Бала ырысы” жөлөкпулу чындап эле үй-бүлөлөрдүн абалын жакшырта алабы же бул символикалык гана жардамбы? Айына берилүүчү 1200 сом азыркы кымбатчылык шартында жетиштүүбү?
– Бул демилге – символикалык эмес, реалдуу социалдык колдоонун маанилүү кадамы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 445 миңге жакын үч жашка чейинки бала бар экенин эске алсак, бул чечим миңдеген үй-бүлөлөрдүн абалын жеңилдетүүгө багытталган системдүү колдоо болуп саналат.
“Бала ырысы” жөлөкпулу – өлкөдөгү ар бир балага тең мүмкүнчүлүк берүү багытындагы чечим. Эң башкысы – бул жөлөкпул универсалдуу мүнөзгө ээ. Башкача айтканда, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан ар бир балага берилет. Бул – социалдык адилеттүүлүктү камсыздоодо абдан маанилүү принцип.
Ай сайын берилүүчү 1200 сом, албетте, бардык муктаждыктарды толук жаппашы мүмкүн. Бирок бул каражат өзгөчө баланын алгачкы үч жылындагы негизги керектөөлөрүнө – тамак-аш, дары-дармек, күнүмдүк камкордугуна жардам болот. Бул – базалык колдоо, башкача айтканда, жарандарды толук камсыздоого эмес, эң зарыл муктаждыктарын жеңилдетүүгө багытталган чара. Эң башкысы, колдоо механизми иштеп жатат.
Ошол эле учурда мамлекет мүмкүнчүлүгүнө жараша этап-этабы менен социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү саясатын жүргүзүп келет. Негизги максат – колдоону системалуу түрдө жогорулатуу жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Мындан ары да экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жараша бул төлөмдөрдү көбөйтүү маселеси каралат деп ойлойм.
– Парламентте баатыр энелер үчүн атайын мамлекеттик санаторий түзүү демилгесин көтөрдүңүз. Ал демилге колдоо табабы? Ал маселени көтөрүүгө эмне себеп болду?
– Мен көтөргөн Баатыр энелер үчүн атайын мамлекеттик санаторий түзүү демилгеси коомчулукта да, кесиптеш депутаттар арасында да колдоо табат деп ишенем. Анткени, бул маселе бир гана социалдык эмес, моралдык мааниге да ээ. Бул демилгени көтөрүүгө негизги себеп – өлкөбүздө 37 миңден ашуун Баатыр эне бар. Алардын көпчүлүгү социалдык маселелер боюнча мен министрликте иштеп жүргөндөн бери байланышта болуп келишет. Көп төрөгөн энелер өмүр бою үй-бүлө, бала тарбиялоо, коомго салым кошуу менен алек болуп, өз ден соолугуна жетиштүү көңүл бура алышкан эмес. Бүгүнкү күндө алардын көбү сапаттуу эс алууга, калыбына келтирүү үчүн дарыланууга муктаж. Тилекке каршы, азыркы шартта Баатыр энелер үчүн атайын, жеткиликтүү санаториялык кызматтар жетишсиз. Ошондуктан мен бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү зарыл деп эсептейм. Баатыр энелер – бул жөн гана көп балалуу энелер эмес, булар – улуттун келечегин тарбиялаган, мамлекеттин пайдубалын бекемдеген инсандар. Аларга кам көрүү – биздин моралдык милдетибиз гана эмес, түздөн-түз мамлекеттик жоопкерчилигибиз. Атайын санаторий түзүү аркылуу биз алардын ден соолугун чыңдоого шарт түзүп эле койбостон, коомдо энеге болгон урмат-сыйды дагы бир жолу даңазалайбыз. Бул – келечек муундар үчүн да чоң тарбиялык мааниге ээ кадам. Ошондуктан мен бул демилге жакынкы убакта колдоо табат жана иш жүзүнө ашат деп ишенем.
Чынайым Кутманалиева