Гана менен Кыргызстан кызматташтык меморандумуна кол коюшту
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква эки кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Тагыраагы, саясий консультацияларды өткөрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана дипломатиялык, кызматтык паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Эске салсак, Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга 16-мартта келген, анын расмий иш сапары 17-мартта аяктайт.