Газ үчүн ашыкча эсептөөлөр. Депутат маселе көтөрдү
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу газ үчүн ашыкча жазылган квитанциялар боюнча “Газпром” ишканасынын, Энергетика министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.
Анын айтымында, бул маселе боюнча жарандардан көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Депутат “Газпром” компаниясы октябрь жана ноябрь айларында телеметрия системасы иштебей калганын расмий билдиргенин эске салды.
Натыйжада, айрым абоненттерге үч айдын төлөмү бир квитанция менен жөнөтүлүп, ири суммалар чыккан. Депутат бул жагдай өзгөчө пенсионерлерге, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө оорчулук жаратып жатканын белгилеп, тиешелүү мекемелерден түшүндүрмө угуунун зарылдыгын айтты.