Гений, лидер боло турган балдардын мүнөзү кандай болот?
Сабакты жакшы өздөштүргөн балдар гений, лидер болот деп ойлобогула,-дешет психологдор. Генийлердин айрымдары окуудан начар болушу мүмкүн. Аларды мүнөзүндөгү 9 белги аркылуу таанып билсе болот.
Сүрөт тартышат
Көргөн билгенин сүрөткө түшүрө берген адаты болсо, баланын элестетүү жана эске тутуусу жакшы болот деп билиш керек. Мындай өзгөчөлүк 10 баланын экөөсүндө гана кездешет. Көп генийлер ойлогон ойлорун сүрөткө түшөрө алган. Ар кандай диаграммаларды чиймелешкен.
Сабакка көңүл койбойт
Сабак учурунда башка нерселер тууралуу ойлонуп отурат. Фантазиясы күчтүү. Кээде алдап коёт. Мындай балдарды урушуп, тарбиялоонун кереги жок. Алар өз билгенин жасап, атасын, апасын да уга койбойт. Сүйлөшүү маалында кыялдарын сурап, аларды ишке ашырууга жардам бериңиз.
Тез сүйлөшөт
Тез жана узун сүйлөмдөрдү 2 жашында айта алган балдардын көбү гений болуп чыгышат. Кээ бир балдар такыр сүйлөбөй гений аталышат. Бирок, узун сүйлөмдөрдү курай алган балдардан көптү күтсө болот.
Кол жазмасы начар
Тез жана начар жазган балдар келечекте гений болушат,-дешет психологдор. Алар өз ойлорун тез жазып, жетишпей калышат. Ананда бир гана сабактан жакшы окушат. Бардык сабактарды өздөштүрө албайт.
Меймандос, досторго бай бала
Достору көп бала келечекте лидер болот. Ал адамдар менен кичинесинен сүйлөшө алса, мүнөзү ошол бойдон калат. Достукка бекем бала башкалардын эмоцияларын да башкара алат.
Өзүнөн чоңдор менен сүйлөшөт
Келечектен көптү үмүттөндүргөн балдар чоңдор менен достошушат. Бирок, айрым генийлер эч ким менен достошпой тургандыгы аныкталган. Алар өзү менен өзү болуп, өзү теңдүүлөргө да көңүл бурбайт.
Спортту жаман көрөт
Спортту жаман көрөт. Үйдө отуруп китеп окуйт. Кыймылды жактырбайт. Мындай балдар акылдуу болушат.
Майда нерселерди көп кармайт
Майда оюнчуктарга кызыккан баланын башы жакшы иштейт. Эгер балаңыздын келечегин билгиңиз келсе, колуна майда оюнчук берип көрүңүз.
Атасы токтоо, апасы интелектуал
Эгер баланын атасы токтоо, апасы интелектуал болсо, балдары акылдуу болоорун окумуштуулар аныктап чыгышыптыр.