Германия колдонуудан баш тарткан AstraZeneca вакцинасын муктаж өлкөлөргө жөнөтөт
Германиянын аймактары федералдык бийликке коронавируска каршы 2,3 миллион доза вакцинаны кайтарып берет. Ал эми өлкө бийлиги кайтарылган вакциналарды экспортко жөнөтөт. Тул тууралуу Welt басылмасынын берген маалыматына таянып “РИА Новости” жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, Германиянын 14 аймагы айрым вакциналарды колдонуудан баш тартып, бүгүн, 9-августтан баштап бийликке кайтарып бере баштады. Алсак, алар AstraZeneca жана Johnson&Johnson вакциналарын колдонуудан баш тартышкан. Расмий маалыматка ылайык, аталган вакциналар коронавируска каршы препараттарга муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлмөкчү.
Германиянын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин 45 миллион адам эмдөөдөн өткөн. Бул калктын 54,4 пайызы эмделди дегенди билдирет.