Германияда канцлерликке талапкерлерди көрсөтүү башталды
Германияда Меркелдин ордуна канцлерликке талапкерлерди көрсөтүү боюнча күрөш башталды. Консервативдик ХДС/ХСС блогунда алдыдагы бундестагга шайлоолордо федералдык канцлердин кызматына талапкерди көрсөтүү үчүн күрөш айыгышкан мүнөзгө ээ болууда деп маалымдады германиялык Deutsche Welle телеканалы.
Христиандык-демократиялык союздун (ХДС) президиумунун дээрлик бардык мүчөлөрү партиянын төрагасы, калкынын саны боюнча эң ири Түндүк Рейн – Востфалия федералдык аймагынын премьер-министри Армин Лашеттинталапкерлигин колдошсо, бавариялык Христиандык-социалдык союздун (ХСС) президиуму бир добуштан партиянын төрагасы, Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдерди көрсөттү.
Сурамжылоолордун маалыматтарына караганда популярдуулугу боюнча Зёдер атаандашы Лашеттен алдыда. Ал эми Бундестагга шайлоолор 26-сентябрда өтмөкчү.