39 жаштагы Казыбек Молдажиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Молдажиев 2013–2021-жылдары ГКНБда иштеген. 2023–2025-жылдары президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүндө ар кандай кызматтарды аркалаган.
Ал 2025-жылдын октябрь айынан бери Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп келген.