Голливуд жылдыздары Кыргызстанга суктанды: «Бул жерде кино тарткыбыз келет»
5-сентябрда Чолпон-Атада дүйнөлүк кино өкүлдөрүнүн катышуусунда пресс-конференция өттү.
Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын пресс-борборунда уюштурулду. Ага америкалык актер Дон «Дракон» Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Лин, актриса Наталия Аринбасарова, «Оскар» сыйлыгынын лауреаты Збигнев Жмудский, режиссер Эрик Ялгашев жана кыргызстандык маданият өкүлдөрү катышты.
Дон «Дракон» Уилсон Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтып, өлкөнүн тарыхына, Көчмөндөр оюндарына жана улуттук тамактарына суктанганын билдирди.
Ал эми Бай Лин Кыргызстанды өзгөчө жактырганын айтып, өлкөгө кайра келүүнү жана бул жерде кино тартууну кааларын белгиледи.
Наталия Аринбасарова Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө жана жаштардын улуттук салттарга кызыгуусуна көңүл бурду. Анын айтымында, маданий мурасты кийинки муунга өткөрүп берүү маанилүү.
Пресс-конференцияда Кыргызстандагы этношаарчалар жана жаратылыш дүйнөлүк кино үчүн уникалдуу локация боло алары да белгиленди.
Кино өкүлдөрүнүн айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды спорттук гана эмес, маданий жана чыгармачылык багытта да дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.