Голливуд жылдызы Бай Лин Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет
Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келерин билдирди.
Актриса кыргызстандыктарга кайрылып, эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, өлкөнүн маданияты, каада-салты жана Көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.
Бай Лин «Карга», «Кызыл бурч», «Анна жана король», «Такси 3», «Асман капитаны жана келечектеги дүйнө» жана «Адреналин 2: Жогорку чыңалуу» сыяктуу тасмалардагы ролдору менен дүйнөгө таанылган.
Голливуд жылдызынын Кыргызстанга келиши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык деңгээлин дагы бир ирет көрсөтүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан белгилүү инсандардын көңүлүн Кыргызстанга бурууда.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүп, анда салттуу спорт, маданият, искусство жана улуттук каада-салттар бир аянтчага топтолот.